15:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстандын аскердик кол салуусу боюнча арызды Эл аралык кылмыш соту кабыл алды

Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик кол салуусу боюнча арызды Эл аралык кылмыш соту кабыл алды. Бул тууралуу юрист Сания Токтогазиевва билдирди.

Белгилей кетсек, Сания Токтогазиева баш болгон жергиликтүү юристтер, активисттер Рим статутунун 15-беренесинен пайдаланып, Эл аралык кылмыш сотуна кайрылышкан. Алар Тажикстандын бийлигине каршы тергөө ишин баштоо өтүнүшөт. Алар 28-30-апрель күндөрү Кыргызстандын Баткен облусуна кол салып, тынч жаткан элге карата курал колдонуп, үй-жайларды тоноп, аскердик кылмыш жасалганын белгилешет.

Эл аралык уюмдардын ичинен Human Rights Watch уюму 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл жабыркаганын белгилеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 136 жеке турак жай талкаланып, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар