15:41
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Сауд Аравиясы ажылыкка келген чет өлкөлүк жарандарды кабыл албайт

Быйыл Сауд Аравиясы ажылыкка өлкө аймагында жашаган өз жарандарын гана кабыл алат. Бул тууралуу королдуктун Ажылык жана умра министрлиги билдирет.

«Ажылык жана умра министрлиги 2021-жылы саны 60 миңден ашпаган, падышалыктын аймагында жашаган мусулмандарды гана кабыл алат. Буга коронавирус пандемиясы мизин кайтарбай жатканы себеп болууда», — деп айтылат кабарда.

Бул жылы ажылык 17-22-июлга белгиленген.

Былтыр дагы коронавирус пандемиясына байланыштуу ажылыкка чет элдиктер бара алган эмес. Быйыл умрага (кичи ажылык) бир топ чектөөлөр коюлган. Тагыраагы, ага Орозо айында вакцина алган же ооруп айыккан гана адамдардын баруусуна уруксат берилген болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар