09:00
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Казакстан: Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын чечмейин ок-дары берилбейт

Казакстан Кыргызстан жана Тажикстан менен аскердик жардам көрсөтүү келишимин чек арадагы куралдуу жаңжалга чейин түзүлгөн. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги белгилейт.

Маалыматта, Казакстан кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууну күчөтүүгө кызыкдар эместиги белгиленет.

«Келишим чек арадагы жаңжалга чейин түзүлгөн. Кыргызстан менен Тажикстан чек ара чырын чечкенден кийин гана ал ишке ашат», — дейт Казакстан.

Белгилей кетсек, Казакстан март айында Кыргызстан, апрелде Тажикстан менен аскердик жардам көрсөтүү боюнча келишимге кол койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар