14:41
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Каракалпак гезити ырчы Юлдуз Усманованы сотко берди

Каракалпак тилинде жарык көргөн «Эл хизматинда» гезитинин башкы редактору Султонбек Зиёев менен басылманын юристи Даврон Тожимуродов Өзбекстандын эл артисти Юлдуз Усманованы сотко беришти.

Доо арызда алар Усмановадан былтыр ZO’R TV телеканалынын эфиринде айткан «каракалпактар өзбектердин калкалоосунда жашаган эл» деген сөздөрү үчүн кечирим сурашын талап кылып жатышат. Алар ырчынын бул сөздөрү «жалпы каракалпакстан элин кемсинтти» деп эсептешүүдө.

Юрист Даврон Тожимуродовдун айтымында, Ташкенттин Мирзо-Улугбек райондор аралык соту ушул айдын башында алардын доо арызын кабыл алган.

Соттун катчылыгы азырынча бул иш боюнча сот жараяны качан башталары белгисиз экенин билдирди. Доо арызда Юлдуз Усманова «Кемсинтүү» беренеси боюнча айыпталган.

«Силер эмнеге өлкө Каракалпакстан деп аталып калганын сурашыңар мүмкүн. Ал жерде жашоо жеңил эмес. Таптакыр жеңил эмес. Бирок бул Өзбекстандын кучагында, калкалоосунда жашаган эл. Биз Аллахтын да, башка элдердин да алдында каракалпак эли үчүн жооптубуз. Анткени алар биздин бир бөлүгүбүз. Аралдын жарымы соолуп калган, алар балык менен тамактанып, оор шарттарда жашайт. Алардын шаары бар (манжалары менен ал кичинекей экенин көрсөткөн — Ред.). Бирок биздин алыскы аймактарда боз үйлөрдө жашаган да элибиз бар», — деген Усманова телеканалдын эфиринде.

Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген парламенттик башкаруудагы эгемен өлкө.

Эң көп окулган жаңылыктар