16:38
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Түрк медиасы: Орхон Инанды Кыргызстандык УКМКсынын колунда

Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын 31-майдагы качыруу ишинен кийинки скандалда Түркиянын президенти Таййип Эрдогандын көзөмөлүндөгү массалык маалымат каражаттары Кыргызстанды күнөөлөгөн макалаларды жарыялай башташты. Бул тууралуу айрым басылмалар жазып чыгышты. 

Түрк президенти Эрдогандын камчысын чапкан ага эң жакын маалымат каражаты болгон Сабах гезитинин журналисти Ферхат Үнлү — Орхан Инандынын качылышында Түрк чалгындоо кызматынын (MİT) эч кандай катыштыгы болбогондугун, качыруу иши Кыргыз улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жасалгандыгын жазып чыкты.

Түрк чалгындоо кызматынын (MİT) жетекчиси Хакан Фидандын эң жакын журналисти катары таанылган Ферхат Үнлү көлөмдүү жазган макаласында Инандынын качырылуусуна байланыштуу унаанын маркасын, кайсыл көчөдө токтотулганын, унаанын ичиндеги камерадагы видео запистердин өчүрүлгөндүгүн, бирок бир гана чалгындоо кызматы биле алган маалыматтарды майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп берип, бул окуяда Түрк чалгындоо кызматынын (MİT) эч кандай катыштыгы болбогондугун баса белгилейт.

Үнлүнүн пикиринде окуяга Түркия Республикасынын атын аралаштыруудагы максат — өлкөнү алсыратуу. Үнлү Инандынын табылышы үчүн жүргүзүлгөн тынчтык акцияларында Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алды тандалуусу — Сауд Арабиянын Стамбулдагы элчилигинде туткунга түшкөндөн кийин өлтүрүлгөн журналист Жемал Ахмед Кашыкчынын окуясына окшоштуруу болду деген оюн ортого таштайт.

«Кыргыз полициясы Инандыга тиешелүү унааны иликтөө жана жашыруун (!) окуянын сырын ачуу үчүн «тажрыйбалуу иликтөөчүлөрдөн турган изилдөө тобун» түздү. Бирок Инандынын унаасын токтоткондор Улуттук коопсуздук комитетине тиешелүү кишилер болушкан. Башкача айтканда, бул ишти ошол Улутук коопсуздук комитети түздөн-түз өздөрү жасаган», - деп жазган ал. 

Ферхат Үнлү Твиттердеги өзүнүн баракчасына жарыялаган макаласында болсо Инанды Кыргыз улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) колунда болгондугун ачык-айкын айтып чыкты. 

«Дем алыш күнүңөр жакшы өтсүн. Бүгүн өтө баалуу маалыматты камтыган темада макала жаздым. ФЕТОнун Орто Азиядагы жооптуусу Орхан Инанды Кыргыз улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) колунда. ФЕТО өткөрүп берүүнү токтотуп калуу үчүн Инандынын жоголуп кеткендигин айтып жатат. Кеңири маалыматты макаламдан окуңуз: https://t.co/UzHe5E4nEw», - дейт журналист. 

Инандынын Кыргыз улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан качырылгандыгы тууралуу КРнын президенти Садыр Жапаровдун кабары болгондугун да Үнлү айтып чыкты.

Үнлүнүн айтымында Тажикстан менен болгон акыркы кагылышууда Орусия менен Кытайдан кандайдыр бир колдоо табалбаган Садыр Жапаров, Түркиядан колдоо табыш үчүн Инандыны качырып Түркияга өткөрүп бергиси келди.

Үнлү качыруу окуясында Түркияны актап жатып, таң калыштуу түрдө Жапаровдун 8-10-июндан мурун Түркияга жасай турган атайын сапарынын алдында КРнын жараны Орхан Инандыны Түркияга жөнөтүү абдан жакшы жест болорун да жазды.

Үнлү Жапаровдун Орхан Инандыны Түркияга жөнөтпөй койсо жана Гүлен коомдук кыймылына каршы биргеликте иш алып барбаса анда Кыргызстанда октябрь айында дагы бир төңкөрүш болорун да макаласында белгиледи. Түркиянын коопсуздук кызматынын башчысы Хакан Фиданга эң жакын болгон журналист Ферхат Үнлү мындай маалыматтарды кайдан алгандыгын жазган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар