13:58
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Токаев менен Мирзиёев Борбор Азиядагы коопсуздук маселелерин талкуулашты

3-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, казак-өзбек кызматташтыгы жана аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн башчылары Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиянын коопсуздугу менен туруктуулугун бекемдөөгө ынтызар экенин билдиришкен.

Эки мамлекеттин лидерлеринин телефондук сүйлөшүүсү Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгып жаткан маалга туш келди.

Ооганстан аймагынын дээрлик теңи «Талибан» кыймылынын көзөмөлүндө же согуш жүрүүдө. АКШ бул кыймыл менен түзгөн келишим боюнча сентябрга чейин аскерлерин акырындык менен чыгарып кетүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар