07:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Милиция Орхон Инандыны издөө иштери боюнча маалымат берди

Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер жигердүү уланууда, анын жоголушунун бардык версиялары иштелип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы тапта, ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте тергөө иш-чаралары, тинтүү жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон Охран Инандын болушу мүмкүн болгон жерлердин баардыгын текшерүүдө. Өткөн суткада отель жана мейманканалар, курулуп жаткан имараттардын бардык аймактары, анын ичинде гараж кооперативдери жана унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор менен фабрикалардын аймактары, токой тилкелери жана парк зоналары текшерилди. Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айдоо жерлеринде ошондой эле таштанды төгүлүүчү жайларда издөө жүргүзүп жатат. Андан сырткары, кинологтор жана кызматтык иттери, издөө иштерине тартылды жана адам өтүүгө кыйын жерлерде дрондор колдонулду. Борбор калаага кирүү жана чыгуу стационардык посттор тарабынан көзөмөлдө турат.

Мындан тышкары, окуяга байланыштуу мүмкүн болгон күбөлөрдү аныктоо иштери улантылууда. Белгилей кетсек, Орхан Инандынын жоголушу боюнча ар кандай теориялар каралууда.

Тергөө жана издөө иш-аракеттери толугу менен Бишкек шаарынын ИИББнын жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө.

«Муну менен катар окуянын мүмкүн болгон күбөлөрүн аныктоо иштери жүрүп жатат. Орхан Инандынын жоголушунун бардык версиялары иштелип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар