«Сапат» билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхон Инандыны колдоо митинги бүгүн дагы улантылат. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Митинг Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында саат 10.00дө өтөт.
Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-май күнү кечки саат 18.00дө байланышка чыккан боюнча дайынсыз. Ал үйүнөн жолугушууга барарын айтып чыгып кеткен. Бир нече сааттан кийин анын машинасы ачык бойдон үйүнөн алыс эмес жерден табылган.