15:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Текебаев: соңку камоолорду эл аралык сотко даярдык катары кароо керек

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев «Кумтөр иши» боюнча акыркы чуулгандуу кармоолорду эл аралык сотко даярдык менен байланыштырды. Ал мындай пикирин «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө билдирди.

«Бизди эл аралык сот күтүп турат. Эл аралык сотто Кумтөр боюнча келишим башынан эле коррупциялык экенин, президент, өкмөтү баш болуп кол алдындагыларга тапшырма берип, зордоп жасатып жатканын далилдеп алып барсак дүйнөлүк коомчулук коррупцияга терс пикирин билдирет. Бүгүн баарын массалык түрдө кармап, ушуну далилдеп жатканын өч алуу, пиар катары карабастан, биз далилдик базабызды бекемдөө катары караш керек», — деди Текебаев.

Анын пикиринде, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кармалган аткаминерлердин күнөөсү жөнүндө элге ынанымдуу маалымат бериши керек.

«Ал эми конкреттүү кармалган адамдардын күнөөсү тууралуу билбейбиз. Тергөө мыйзам уруксат берген чекте эл менен тааныштырыш керек. Болбосо бүдөмүк ойлор жарала берет».

31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка кармалды. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыкты.

УКМК кармалган мурдагы жана азыркы аткаминерлерге Кумтөр ишине байланыштуу айып койду. Буга чейин атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кендин ишмердигин иликтөөнүн алкагында бир нече киши камакка алынарын эскерткен.

Эң көп окулган жаңылыктар