21:44
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Балдар жөнүндө жаңы кодекс. Алардын укугун кантип коргойбуз

Балдар жөнүндө кодекстин жаңы редакциясы парламенттин кароосунда 2019-жылы киргизилген. Бирок, депутаттар өткөн жумада гана биринчи окууда кабыл ала алышты. Жогорку Кеңеште балдардын укугун коргоо демилгечилер үчүн оңойго турган жок. Өкмөт депутаттарды кодексти кийинкиге жылдырып, күн тартибинен алып салууну сунуштады. Министрлер кабинетинин билдирүүсүндө, кодексти ишке ашырууга акча каражаты жок. Анткен менен өлкөдө балдардын оор абалы өз алдынча жакшырып, же өкмөт акча тапканча күтүп турбайт.

Кооптуу чөйрө

Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча 83 миң баланын ата-энеси чет өлкөгө миграцияга кеткен. Демек алардын баарынын жашоосу өзгөчө кам көрүүгө жана коомчулуктун көңүл бөлүүсүнө муктаж. Белгилей кетсек, зордукталган, уруп-согулган балдардын көпчүлүгү мигранттардын балдары. Андан тышкары, ата-энеси чет жакта иштеп жүргөн балдар турмуштан оор түйшүктү көтөрүп, мээримсиз, тоюнбай, кагып-силкүү менен күн өткөрүшөт.

2018-жылы Кыргызстандагы балдардын 12 пайызынын жок дегенде ата-энесинин бирөөсү чет өлкөдө иштеп жүргөн.

Төрөлгөндөн 17 жашка чейинки балдар көбүнчө чоң-ата чоң-энеси тарабынан тарбияланат. Алар жок болгондо башка туугандарынын кароосунда болот.

14-16 жаштагы балдар ата-энелери менен бирге чет өлкөдө иштешет.

Май айында эле Жети-Өгүз районунда үч жашар бала ур-токмоктон көз жумду. Анын апасы Россияда иштеп жүргөн. Бала кудалардын колунда калган. Катуу сабалып, эс-учун жоготкон бала өзүнө келбей жан берди.

Ага чейин Сузакта дагы энесиз өскөн 2 жашар ымыркай ур-токмоктон көз жумган. Ага күнөөлүү деп чоң апасы табылган.

«Ата-эне Кыргызстанга келип, баласын өлтүргөн, же сабаган адамга дооматы жоктугун айтып, арыз жазбайт. Себеби,ал анын жакын адамдары», — дейт «Укук борбору» коомдук фондунун директору Гүлнара Шейшекеева. 

Алдын алуу иштерин күчөтүү зарыл

Мамлекеттик органдар үй-бүлөдөгү зомбулукка окуя болгондон кийин гана билип, чара көрүшөт. Милиция, соцкызматкерлер чогулуп, үй-бүлөнү сураштырып баштайт.

«Мен бир окуяга күбө болгонмун. Нарында ата-энеси балдарын үйгө жаап коюп, чет өлкөгө иштегени кетишкен. Алар кошуналарынан балдарына көз салуу турууну суранышкан. Үйдүн чатыры кулап түшкөндө гана кошуналар менен айыл өкмөтү балдардын жакындарын издеп башташкан», — дейт Гүлнара Шейшекеева.

«Гезиттен бир маекти окуп калдым: бир улуу жаштагы аял баласы түрмөдөн чыгып, өз кыздарын зордуктап жүргөнүн айтып берет. Эми ошо кыздарды жакшы жерге узатууну сунуштайт. Ошол маектен кийин гана министрлик, жактоочулар ишке киришти. Бирок, кыздардын тагдырын талкаланып, алар зордуктоону баштан өткөрдү», — дейт Гүлнара Шейшекеева.

Гүлнара Шейшекеева мамлекеттик деңгээлде жалаң гана балдардын маселеси менен иш алып барган атайын социалдык кызматты түзүүнү сунуштайт. Ар бир соцкызматкер үчүн 3 миңден кем эмес бала болушу керек.

Балдарды коргоо жаатындагы азыркы мамлекеттик тутум райондун деңгээлине барып үзүлүп кетет. Балдарга жеринде колдоо да, коргоо да жок. Райондордо ар бир соцкызматкерге 60 миң бала туш келет. Албетте алар баарынан кабар алып, турмуш тиричилиги менен тыгыз тааныша албайт.

Жаңы кодекс боюнча атайын кызмат түзүлөт. Социалдык кызматкер бир айыл өкмөтүн карап, ал аймакта жашаган балдардын кимиси мектепке барбай, кимиси ата-энеси жок жашап жашарын так билет.

Эгер ал балага өз алдынча жардам көрсөтө албаса, анда кеңешме топтойт.

Социалдык кызматтын бир жылдык чыгымы 100 миллион сомдон бир аз ашат. Бирок, өкмөт бул акчаны бөлүүгө каршы чыгууда. Ошол эле учурда үч шаарда кайра шайлоо өткөрүү үчүн 48 миллион сомду дароо таба калды. Демек биздин мамлекет үчүн келечек муун эмес, бүгүнкү саясат өйдө турат экен.

Төрөдүңбү? Жооп бер!

Жогорку Кеңештин депутаттарынын пикиринде, мамлекеттик саясат ата-энени жоопкерчилигин күчөтүүгө багытылышы керек.

«Бүгүн балдар үчүн бала бакча, мектеп, институт жана укук коргоо органдары жооп бериш керек. Бирок биринчи кезекте ата-эне өзү жооптуу болушу шарт», — дейт депутат Альфия Самигуллина.

Эгерде ата-эненин баласына мээрими жок болсо, аны эч ким өзгөртө албайт. Баланын ата-энеге керексиз болуп калган учурун өз убагында байкоо керек.

Альфия Самигуллина.

«Мына ушундай балдар көчөлөп кетет. Эгер үй-бүлөдө уруш талаш көп болсо, ал бала өсө турган жер эмес. Ата-энелик укуктан ажыратуу оңой. Бирок, ал балдар кийин үй-бүлөсүз калып, интернатта чоңоет. А бул жакшы чечим эмес», — дейт эл өкүлү.

Жаңы кодексте балдарды интернаттын ордуна үй-бүлөгө окшош чөйрө, же фостердик үй-бүлөдө чоңойтуу сунушталат.

Андан сырткары, чет өлкөгө жумуш издеп жөнөгөн ата-энелердин милдети каралат. Алар миграцияга кетүүдөн мурда баласын таштай турган адамга нотариус аркылуу убактылуу камкордукту берип кетишет.

Баласын жайгаштырмайынча миграцияга чыга албайт

Кыргызстанда ата-энелер балдарын эч кандай расмий документ жок эле жакындарына, тааныштарына таштап кетишет. Алар жылдап балдарына кайрылбай чет жакта жүрө беришет.

«Биз ата-энелердин милдетин, жоопкерчилигин күчөтүп жатабыз. Айып пулдан баштап кылмыш жазасына тартууга чейин каралган. Эгер баласын кароосуз калтырган ата-эне Кыргызстанга келсе, ал кайра өлкөдөн чыга албайт», — дейт Гүлнара Шейшекеева.

Ишеним каттын мөөнөтү кыска. Анткени ата-энеге баласын узакка калтырып чет өлкөдө жүрүүгө уруксат берилбейт.

Артка тарткан реформа

Бир кезде балдардын көйгөйүн караган атайын департамент иштеген. Кийин аны башкармалыкка, андан соң бөлүмгө чейин кыскартышты.

«Кыргызстанда балдарды коргоо тутуму жок. Бүгүн үй-бүлөнү коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин 25 функциясы бар. Алар баарына кантип жетишет?», — дейт «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубеков.

Конституциялык реформадан кийин Социалдык өнүгүү министри Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бириктирилди. Аны менен балдар менен иштеген адистердин саны мындан да кыскарып кетерине коркунуч бар. Мамлекеттик кызматкерлер бүгүнкү күнгө гана иштеп, эртеңкини — келечек муунду такыр ойлогусу жок.

Эң көп окулган жаңылыктар