10:19
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр» ишкансынын профсоюзунун жетекчилери менен жолукту

«Кумтор Голд Компани» ЖАКтын убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр» профсоюзунун өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар компаниянын азыркы ишмердүүлүгү жана келечек пландарын талкуулап, компания менен ишкананын эмгек жамаатынын кызыкчылыктарын көрсөткөн профсоюздар ортосундагы социалдык өнөктөшүү маселелерин талкууга алышты.

Жолугушуу учурунда «Кумтөр» кенинин ишин камсыздап, иш орундарды сактап калуу, жеңилдетүү берүү жана ишкананын кызматкерлерине кепилдик сыяктуу маселелер да талкууланды.

«Профсоюздардын жетекчилери компаниянын учурдагы иши менен таанышып, «Кумтөр» кениндеги коопсуз жана эффективдүү ишти улантууга багытталган анын болочок пландарын иликтеп чыгышты. Кызматкерлердин укуктарын коргоо чараларын киргизүү маселеси көтөрүлдү. Компаниянын баардык профсоюздарын бирдиктүү бир уюмга башын кошуп, ал кызматкерлерге тең иш шарттарын түзүп, келечекте кызматташуу жана кызматкерлердин кызыкчылыгын коргоого багытталган маселелерди бирдиктүү чечүүгө жардам берээри айтылды. Теңгиз Бөлтүрүк профсоюздардын ишин бирдиктүү бир нукка буруп, ал иш-чаралар кызматкерлердин жашоо сапатын жогорулатып, компаниянын эффективдүү жана узак мөөнөттүү ишине өбөлгө түзгүдөй кылуу керек деген каалоосун айтты», — деп жазылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында, профсоюздар жетекчилери ишмердүүлүк жана эмгек жаатында биргелешип иштөөгө даяр экенин билдиришти.

«Кумтөрдүн» басма сөз кызматы билдиргендей, жакынкы арада профсоюздар эмгек жамааты менен жыйын өткөрүп, ишкананын сапаттуулугун жогорулатып, компаниянын жаңы жетекчилиги менен биргеликте ишкананы жана эмгек жамаатын жаңы деңгээлге көтөрө ала турган беш профсоюзду бириктирип, бирдиктүү профсоюз түзүү маселеси талкууланмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар