09:03
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Баткенде психикалык жактан ооруган аял бир жумадан бери дайынсыз болууда

Баткенде психикалык жактан ооруган аял бир жумадан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-майында болжол менен саат 08:30да Баткен районунун Самаркандек айылынын 1968-жылы туулган Батма Мурзалиева өзү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Маалыматты анын психикалык жактан ооруй тургандыгы айтылат.

Бул факты Баткен РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү көйнөк, башында ак түстөгү жоолук.

Белгилери: бою 160-175 см, кашы-көзү кара, арык-чырай келген, чачы кара узун.

«Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү аялды таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот. (03622) 5-17-56; 0774 77-86-88; 0709 73-66-37», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-июнь, шаршемби
17-июнь, шейшемби