Мурдакы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы эки ай абакта болот. Бул тууралуу чечимди бүгун Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Мурдакы өкмөт башчысы 26-июлга чейин камакта болот. Ал 27-январда УКМК тарабынан кармалган.
Мухаммедкалый Абылгазиевге «Кумтор голд компани» жабык акционердик коомуна мыйзамсыз жер бөлүп берүү жана мыйзамсыз баюу айыбы тагылууда.