13:38
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бишкекке келген Тажикстандын учагы артка кайтарылды

Душанбе шаарынан Бишкекке учуп келген тажикстандык 177 жаран кайра артка жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту билдирди.
 
Белгилей кетсек, кечээ түнү Душанбеден бир учак келген. Учактагы үчүнчү өлкөнүн жарандары гана Кыргызстанга киргизилген.
 
Аэропорттун маалыматында, Кыргызстан тарап Тажикстандын жарандарына кирип-чыгууну чектеп, чек арасын жапкандыгына байланыштуу каттам кабыл алынган жок.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар