Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга көмөктөшүү максатында ачылган атайын эсепке 100 миллион сомго жакын каражат чогулду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка караганда, чогулган акчанын 96,5 миллион сому өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү ачкан атайын эсепке түшкөн. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2,8 миллион сом чогулду.
Бул каражатты ыктыярчы жарандар, уюмдар берип жатат. Мындан тышкары бир катар мекемелер бир күндүк айлыгын которгонун айтышкан.