02:49
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Төрт банк чек ара жабыркаган Баткендин тургундарынын карызын жойду

«Мол-Булак», «Компаньон», «РСК», «Бай-Түшүм» банктары чек арадагы окуяда жабыркап, кыйынчылыкка дуушар болгон кардарларынын насыясын кечүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка караганда, Компаньон» банкы 2 млн сомдук гуманитардык жардам көрсөттү. Ошону менен катар 17 жарандын насыясын кечип, 3 жарандын насыясынын пайызын төмөндөттү.  Ошондой эле банк тарабынан 1 турак үйү күйгөн жаранга 25 миң сом материалдык жардам берилди.

«РСК» Банкы Баткен облусуна 2млн 284миң сом каражат которуп,  8 жаран «РСК» банкынын Баткен филиалынан насыя алган. Анын ичинен каза болгон бир аскер кызматкеринин насыясы кечилди. Ал эми жараат алган 7 аскер кызматкерлеринин насыясынын пайызы 6 айга токтотулду.

Аталган банк бүгүнкү күндө район борборунан алыс жайгашкан, чек ара айылында жашаган элдин муктаждыгын жеринде чечүү максатында, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө көчмө калкты тейлөө борборун ачып, 6-майдан тарта кызмат көрсөтүүдө.

Ошондой эле «РСК» банкы чек ара аймактарын колдоо максатында,Баткен облусунун Көк-Таш, Максат, Ак-Сай айылынын эли үчүн, 10 млн сом каражат бөлүп, жеңилдетилген насыя берүү чечимин кабыл алды. Насыя 12% менен, 3 жылдык мөөнөткө, 6 ай танаписи менен,жеңидетилген тартипте, комиссиясыз, күрөөсүз берилет.

«Бай-Түшүм» Банкы куралдуу жаңжалда жабыркаган 9 жарандын насыясын жойду. 

Эң көп окулган жаңылыктар