17:00
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Садыр Жапаровдун маалымат катчысы менен бөлүм башчысы кызматтан кетти

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек кызматтан кетти. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Галина Байтеректин айтымында, ал башка кызматка которулуп жатат.

«Алдыда жаңы фронт турат. Ал боюнча кийин айтам», — дейт ал.

Галина Байтеректин эмне себептен кызматтан алынганы айтылган жок. Анын ордуна Эрбол Султанбаев дайындалды.

Бүгүн президенттин экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси Искендер Гайипкулов дагы кызматтан кетти. Ал өзү арыз жазган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума