16:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Депутат Дастан Бекешев КТРК жетекчилигинин үстүнө арызданды

Депутат Дастан Бекешев президенттик башкаруу формасын жактаган үгүт тобунун мүчөлөрүнүн жана КТРК жетекчилигинин үстүнөн БШКга арызданды. Эл өкүлү аларды жоопкерчиликке тартуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Депутаттын айтымында, «Ала-Тоо 24» каналында президенттик республиканы колдогон флешмоб тууралуу 2,5 мүнөттүк сюжет көрсөтүлгөн.

«КТРК кайсы негизде үгүт иштерине аралашып жатат? Бул мыйзам бузуу. Эмне үчүн акы төлөө бул топтун шайлоо фонду аркылуу аркылуу жүргүзүлгөн жок? Бул дагы мыйзам бузуу болуп эсептелинет», — деди Дастан Бекешев.

Эскерте кетсек, Дастан Бекешов өзү парламентаризмди жактаган топту жетектейт. Өлкөнү башкаруу формасын аныктаган референдум 10-январда президенттик шайлоо менен катар өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар