«Октябрь баатырлары «Кыргыз үмүтү» экс- президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу талабы менен Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу көзөмөл органынан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар Сооронбай Жээнбековдун экс- макамын алып салууну жана 5-октябрдан 6сына караган түнү митинг катышуучуларына карата күч колдонуу буйругу үчүн жоопко тартууну талап кылышат.
Башкы прокуратура арызды ИИМ жана УКМКга тергөөгө жөнөттү.
Белгилей кетсек, 5-октябрь түнү 19 жаштагы жигит каза таап, миңдей киши жабыркады.