00:07
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жогорку Кеңеш Кумтөрдү тышкы башкарууга алууга макулдугун берди

Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду.

«Кумтөр Голд» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия үч айда корутундусун чыгарып, бүгүн ЖКнын кезексиз жыйынында талкууланды.

Кабыл алынган токтомго ылайык, Кумтөр алтын кенин сырттан убактылуу башкарууга өкмөткө укук берилет. Ошондой эле токтомдун дагы бир пункту менен мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы үч айга узартылды.

Эң көп окулган жаңылыктар