20:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Эдуард Полетаев: «Кумтөр» өз ачыктыгынын барымтасына алынды

«Бул кырдаалдын парадоксу, «Кумтөр» башка чет өлкөлүк ишканаларга салыштырмалуу ачык иштегендигинде. Балким, мына ушул ачыктыгынан улам ушундай абалга келип отурат», — дейт «Кумтор» боюнча REGNUM агенттигине берген комментариинде казак саясатчысы, «Евразия дүйнөсү» коомдук фондунун жетекчиси Эдуард Полетаев.

Саясатчынын пикиринде, Кыргызстандагы «Кумтөр» кенине байланыштуу акыркы окуялар — «депутаттык текшерүүлөр, айыптар, тышкы башкарууну киргизүү бир топ суроолорду жаратып, башаламандыкка алып келди».

«Экологиялык чыгымдарды азайтууга канча каражат бөлүнбөсүн, кен байлыктарын казып алуу айлана чөйрөнү өзгөртөт. Ошондуктан, экологияга тынчсызданган ар бир тарап келишим түзүп жатканда айлана чөйрөнү коргоо чараларына каражат бөлүүнү өнөктөш компаниясы менен макулдашып алышы керек», — дейт ал.

Эдуард Полетаевдин айтымында, «Кыргызстандын кендеринде иштеген башка чет өлкөлүк корпорацияларынын иши кандай жүрүп жатканын билбейм, бирок «Кумтөр» менен түзүлгөн келишимде жогоруда айтылган маселелер көрсөтүлгөн, жана сакталган деп ишенем».

«Көптөгөн себептерге байланыштуу канадалык инвесторлор ачыкка чыгып иштешти, алардын ишмердүүлүгүнө тышкы жана ички ишкерлердин көз караштары кадалган эле. Бул кырдаалдын парадоксу, «Кумтөр» башка чет өлкөлүк ишканаларга салыштырмалуу ачык иштегендигинде. Балким, мына ушул ачыктыгынан улам ушундай абалга келип отурат», — дейт саясатчи.

Жабык иштеп, кирешеси жана чыгашасы тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарбай аракеттенген ишканаларды текшерүү мүмкүн эмес, же өтө кыйынга турат.

Эдуард Полетаев

«$3 миллиард айып салынды деген жаңылыктарды окуп, кептин баары чет өлкөлүк компания тарабынан ченемдерди бузгандыгында эмес деген ой келет. Менимче, инвесторлорду алтын кенинен кетирүү аракети жасалып жатат. Же бул төлөмдөрдү көбөйтүп, же компаниядагы мамлекеттин үлүшүн жогорулатууга жасалган чеберсиз аракет», — деп божомолдойт аналитик.

«Кумтөр» кенинде иштеген канадалык Centerra Gold Кыргызстандагы аз сандагы ири инвесторлордун бири, ошондуктан расмий Бишкектин ага жасаган басымы логикага жатпагандай сезилет.

Эдуард Полетаев

«Оюндун шарттары кайтадан өзгөртүлүүдө., ири бизнес мындайды жактырбайт», — дейт ал.

«Башка жагынан алганда, «Кумтөр» көп жылдан бери иштеп келет, жана Кыргызстан бийлиги менен жаралган бул биринчи кыйынчылык эмес. Жана акыркысы да эмес».

«Учурдагы басымды өзгөчөлүгү, ал бир нече багытта жүрүүдө — жергиликтүү тургундар, бийликтин айрым өкүлдөрү — депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, президент жана албетте атаандаштар. Демек, чет өлкөлүк инвесторлорду азыркы сүрүп чыгуу аракети башкаларга салыштырмалуу кооптуу болушу ыктымал», — дейт Эдуард Полетаев.

Анын пикиринде, «бул жагдай алыс кетсе, Кыргызстандын тоо-кен тармагында иштеп жаткан башка инвесторлорду ойлонтпой койбойт». «Алардын саны ансыз деле аз, эми мындан да азайышы мүмкүн», — деп белгиледи эксперт.

Эң көп окулган жаңылыктар