18:14
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстандагы менчиктештирүү жана улутташтыруу. Кандай тобокелдер бар

Учурда Кыргызстанда бирин бири жокко чыгаруучу эки процесс жүрүүдө — мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү жана «Кумтөрдү» улутташтыруу аракети жасалып жатат. Ушуга байланыштуу кандай тобокелдер болушу мүмкүн? Республика эмнеге ээ болуп жана эмнеде кол үзүп калат? Бул тууралуу бизге берген интервьюсунда Россия илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Постсоветтик изилдөөлөр борборунун улук илимий кызматкери Станислав Притчин баяндап берди.

— Кыргызстан бийлигинин мамлекеттик ишканаларды менчиктештирип, чет өлкөлүк инвесторлор иштеп жаткан «Кумтөрдү» улутташтыруу демилгеси эмнеге байланыштуу?

Менчиктештирүү жана улутташтыруу боюнча акыркы демилгелер — Кыргызстан бийлигинин бюджетти толуктоого жасаган аракети жана мамлекеттик жеке менчик түрүн өзгөртүү үчүн атаандаштык чөйрөсүн түзүү аракети. Бирок бул максаттарды ишке ашыруу жолдору ал демилгелердин аткарылышына бир аз гана мүмкүнчүлүк берет.

Өзбекистан менен Казакстандын мамлекеттик активдерди менчиктештирүү аркылуу инвесторлордуу тартуу тажрыйбасы, бул ыкма эффективдүү эмес экенин көрсөттү. Бир жагынан алганда, менчиктештирүү көйгөйдүн жеңил чечилиши катары сезилет. Анын үстүнө жеке башкаруу эффективдүүрөөк, себеби киреше алууга багытталган. Бул жерде идеалдуу сүрөт тартылат.

Иш жүзүндө баары башкача. Колдо бар салык салуу системасы менен бизнес салыктарды терс чыгаша катары караштырып, аларды төлөбөөгө аракет кылат. Мамлекеттик ишмердүүлүк алкагында төлөнгөн салыктардан мамлекет кол үзүп калышы мүмкүн. Бул биринчиден.

Адатта, мамлекет жеке адамдарга бергиси келген ишканалар инвесторлорду кызыктырбайт.

Станислав Притчин

Себеби мындай долбоорлордун көбүндө отчеттуулук тартиби жок, операциялардын жарымы көмүскөдө калат, жана башка себептер болушу мүмкүн. Тышкы инвесторлор мындайды кабыл албайт. Ички инвесторлор үчүн бул анчалык маанилүү эмес, бирок тобокелдүү. Анын бир нече себеби бар.

Биринчиден, колунда эркин каражаты бар жана оюндун ички шарттары жакшы түшүнгөн көз карандысыз ишкерлер саналуу. Экинчиден, мындай каражат салуулар келечектүүлүгү жагынан алганда бир аз талаш-тартыштуу келет.

Кыргызстандын экономикалык абалы катаал, рыноктун өсүшүнө ишенүү болбойт. Компания объектини сатып алып, кирешесин жогорулатат деп эсептөөгө болбойт. Ошондуктан, Бишкектин менчиктештирүү демилгеси ишке ашпай калышы ыктымал.

— Идеалдуу процесс кандай болушу керек?

Идеалдуу менчиктештирүүнү көп жылдык план коштойт. Компания отчетун камдап, ишин кайтадан карап чыгып, тажрыйбасын анализдеп чыгат. Консультанттар рынокту иликтеп, сунушту камдоо үчүн ылайыктуу убакытты тандашат. Мамлекет жеке менчик укугун сактап берген күнү да, бул багыттуу, узак иш, бирок тилекке каршы Кыргызстан мындай кепилдикти бере албайт. Өлкөнүн жалпы инвестициялык жагымдуулугун айтпай эле коёлу.

Кыргызстанды алганда, инвесторлор арбын келип, ишканаларды ийгиликтүү сатып, бюджетке чоң акча алып келүүгө үмүт кылбай эле койсо болот.

Станислав Притчин

Кыргызстан бийлиги үчүн менчиктештирүү, бул сыйкырдуу таякча болуп калат деген пикир иштебейт.

 Кырдаалдын терс жагы кандай болчудай?

Мамлекеттик макам алкагында мыкты иштеп жаткан ишканалардан айрыласыңар. Жагымсыз активдерди эч ким сатып албайт.

— «Кумтөрдү» улутташтыруу пикирин кандай баалайсыз?

— Учурда Кыргызстанда бирин бири жокко чыгаруучу эки процесс жүрүүдө. Маалымдалган менчиктештирүү мамлекеттин инвесторлорду тартуу боюнча стратегиясы бар экенин көрсөтүп турушу керек. Бирок ошол эле мезгилде «Кумтөрдү» улутташтыруу процесси жүрүп жатат. Инвестициялык климат жана жагымдуулук жактан алганда, бул түзүлгөн жагдайды бузат.

Кандай гана себептер болбосун, сотту ортого салбастан, ишкананын макамы жана тышкы башкаруусун өзгөртпөй, тил табышууга мүмкүнчүлүк бар.

«Кумтөр» улутташтырылып калса — бул Кыргызстандын инвестициялык климатына жасалган оор сокку болуп калат.

Станислав Притчин

— Кыргызстандын кен казуу жайларында иштеп жаткан россиялык жана кытайлык инвесторлор ушундай тобокелдерден корголгонбу?

— Талас облусундагы россиялык «Жерүй» долбоору анын ачылышына Россия президенти Владимир Путин онлайн катышканы менен гана корголгон. Кыйталык долбоорлордо мезгил-мезгили менен чыр-чатак болуп турганын байкап жатабыз. «Кумтөр» улутташтырылып калса, бул жагдай чет өлкөлүк инвесторлорго кандай таасир тийгизээрин азыр айтуу кыйын.

Эң көп окулган жаңылыктар