13:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөр маселесин талкууламакчы

Келерки дүйшөмбүдө парламенттин кезексиз жалпы жыйыны болот. Айрым маалыматтарга ылайык, анда Кумтөр алтын кенине байланыштуу маселе каралат. Жыйынга президент Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөрү да айтылууда.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

6-майда Жогорку Кеңеште бул ишканага сырттан башкаруу киргизүү каралган мыйзам долбоору кабыл алынган.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор «таптакыр негизсиз» экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин айткан.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

Кумтөрдүн айланасында 1990-жылдардан бери эле такай жаңжал орун алып, аны иликтөө максатында бир нече парламенттик жана өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар