Өзгөн районунун Большевик айылында селге агып кеткен 8 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, баланы сел агызып кеткен.
ӨКМдин билдирүүсүндө, 8 жашар бала кой кайтарып жүргөн. Жолдо келе жатып, селге түшүп кетет. Аны таап, ооруканага алып келгенде көз жумат.
Баланын сөөгү жерге берилди.