USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Максат айылында жаңы үйлөрдүн курулушу башталууда

12:56, 11 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Максат айылында өрттөнгөн үйлөрдүн ордуна жаңы үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, турак үйлөрдүн курулушун 11-майда баштоо пландаштырылды.

Белгилей кетсек, Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.

Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу үйлөр тигилген. Электр энергия калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат.

Максат айылында 1200 эл, 288 кожолук жашайт. Айылда чек арадагы жаңжалда бир жаран каза болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика