03:13
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жалал-Абадда каналдан суу ашып, үйлөрдү каптады

Жалал-Абад шаарында 7-майга караган түнү нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Сел-Арык каналынан суу ашып, бир катар турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу 6-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, шаар аймагындагы селдин кесепетинен кээ бир мекеме-ишканалардын, жеке турак үйлөрдүн короолорун жана жер төлөлөрүн суу каптаган.

"Жогорудагы сел кирген мекеме-ишканалардын, үйлөрдүн короолорундагы сууну сордуруу иштери жүрүүдө. Кээ бир жерлерде кайрадан суу каптабаш үчүн бөгөт коюлууда"— деп айтылат маалыматта.

Министрликтин Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу суу каптоонун кесепеттерин жоюу иштерин улантылууда.
Эң көп окулган жаңылыктар