Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна барды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Алардын айтымында, мамлекет башчысы чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларда жабыркаган айылдарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.
Белгилей кетсек, 29-апрелде Тажикстан Кыргызстандын аймагына кол салды.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы окуяны аскердик агрессия катары баалап, Тажикстан аймагын басып алуу максатында чек араны бузуп киргенин белгилейт.