08:36
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Аскерлик баскынчылык. 100 адам ооруканада дарыланууда

Баткен облусун куралдуу басып алуу аракетинен кийин 100 кыргызстандык ооруканада жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орунбасары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, жарадар болгондордун 59у Бишкек, 41 Баткендеги ооруканада жатат.

Белгилей кетсек, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы окуяны аскердик агрессия катары баалап, Тажикстан аймагын басып алуу максатында чек араны бузуп киргенин белгилейт.

 
Эң көп окулган жаңылыктар