04:13
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бириккен улуттар уюму жабыркаган кыргыз жарандарына жардам берүүгө даяр

Бириккен улуттар уюму жабыркаган кыргыз жарандарына жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Озонниа Ожиело депутаттар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаттары БУУга жабыркаган элге ар тараптуу жардамдарды караштырып көрүүнү, талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн билдирди.

Озонниа Ожиело эртеңден баштап БУУнун структураларынын өкүлдөрү Баткен облусуна барып, жабыркаган эл менен жеринен сүйлөшүп, изилдеп чыккандан кийин толугу менен жардам берилээрин айтты.

Андан сырткары мындан ары коңшулаш өлкөлөр ортосунда ынтымакты сактоо, кызматташтыкты бекемдөө үчүн Орто Азия мамлекеттеринин парламент депутаттарынын жыйынын уюштурууну макулдаштык.

Эң көп окулган жаңылыктар