00:20
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чек арадагы чатак. Баткенде 104 үй жабыркады

Чек арадагы окуядан кийинки калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аймакта келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия иштеп жатат.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, облуста жалпы 104 турак үй, 2 мектеп, 1ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куйуучу жай, 8 дүкөн күйгөн.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиевдин, чек арадагы болуп өткөн окуядан кийинки калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча буйругуна ылайык, өрттөлүп, жараксыз абалга келген турак үйлөрдүн калдыктарын тазалоо, калкттуу конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо, сугат суу, таза суу линияларын калыбына келтирүү иш аракеттери жүрүүдө.

Болуп өткөн окуялардан Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Кара-Бак айыл аймактарынын айылдары жана Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарынын айылдары жабыркаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума