20:14
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутаттар Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбестик билдиришти

Жогорку Кеңештин депутаттары 28-апрелдеги жалпы жыйында өлкөнүн саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү.

Буга чейин парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети Алымкадыр Бейшеналиевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунушту өкмөткө жиберген.

Депутат Наталия Никитенко министр саламаттык сактоо системасы өтө оор абалда турган учурда калктын ден соолугун биринчи орунга койбой, жогору жактагы байланыш, достугуна таянып өз билгенин кылып жатканын айыптады.

Эл өкүлү Мирлан Жээнчороев министрди калктын ден соолугу үчүн кооптуу уу затты дары катары сунуштаганы жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин аброюн кетиргени үчүн кызматтан алуу зарыл экенин айтты.

«Кызмат абалынан пайдаланып, 400дөй бейтапка уу коргошун ичириптир. Бул — кылмыш. Эгер табып болгусу келсе кызматын тапшырып берсин», — деди Жээнчороев.

Депутаттар 26-апрелде «Бейшеналиевдин коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу билдирүүлөрү анын бул кызмат ордуна ылайык келбейт» деп өкмөткө да сунуш жолдошкон.

16-апрелде Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын билдирген. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар