01:27
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өмүрбек Текебаев чек ара маселесинде бирдиктүү болууга чакырды

Өзбекстан менен Тажикстан чек араны делимитациялоо боюнча кол койгон протоколдордон бир нече жолу баш тартышкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Өмүрбек Текебаев «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Орто-Азия аймагында калктын жыш жайгашканы, суу ресустарынын тартыштыгы жана жумушсуздуктун айынан чек ара маселесин чечүү оор.

«Андыктан биз чек араны тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечишибиз керек. Бирок, ошол эле учурда бир принцип болушу шарт: бизге бирөөнүкүнүн кереги жок, өзүбүздүкүн дагы бербейбиз. Бул атадан балага калгандай, саясатчыдан саясатчыга өтүшү шарт. Бул маселеде биз биримдикте болушу керек», — деди Өмүрбек Текебаев.

Саясатчы азыркы бийликтин чек ара боюнча чечимдерди ачык талкуулоо аракетин колдоду.

«Көп протокол түзүлдү. Көп жолу Өзбекстан, Тажикстан дагы баш тартты. Кыргызстан биринчи жол кол коюлган протоколду аткаруудан баш тартууда. Камчыбек Ташиев өз катачылыгын мойнуна алды. Буга чейин чек ара боюнча чечимдер купуя болуп келген», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар