USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

ТИМ Нижний Новгороддо кармалган Эсен Мажитов боюнча Россияга кат жөнөттү

11:23, 28 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

ТИМ Нижний Новгороддо кармалган Эсен Мажитов боюнча Россиянын Тышкы иштер министрлигине кат жөнөттү. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Эсен Мажитовдун укугун коргоого чакырган жарандык уюмдардын лидер жана активисттери менен жолугушуусунда айтылды.

Руслан Казакбаевдин билдирүүсүндө, Кыргызстан тарап Россиядан Эсен Мажитовдун ишин калыс кароого чакырды.

Эсен Мажитов 18-апрелде Нижний Новгород шаарында аэропорттон кармалды. Аны Тажикстандын укук коргоо органдары эл аралык изилдөөгө алышкан.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын май айында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, бир нече үй өрттөлүп, жарандар жаракат алган. Чек арада жайгашкан Эсен Мажитовдун үйү дагы өрттөлөт. Мажитовдордун үй-бүлөсү чек арада жашайт. Анын иниси чек арады чырда каза тапкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика