03:36
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бийлик инвесторлор менен көйгөйлөрдү кантип жөнгө сала алат

Өзү эле кейиштүү абалда турган Кыргызстандын экономикасын коронавирус пандемиясы андан бетер оорлотту. Ага карабай өлкөнү оор жүгүн көтөрүп келген айрым инвестциялык долбоорлор ишин токтотуп калуу коркунучунда турат. Иштеп жаткан долбоорлорду сактап калуу жана жаңы инвестицияларды тартуу жолдорун тарых илимдеринин доктору, Борбордук Азия боюнча россиялык эксперт Игорь Панкратенко менен талкууладык.

— Кыргызстанда Конституция өзгөртүлдү. Ал өлкө башчысынын ыйгарым укуктарын кеңейтет. Бийликти күчөтүү чет элдик инвесторлор менен ишти жандантууга жардам береби?

— Албетте, жардам берет, бирок, Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун алдында инвесторлордун Кыргызстанга салган акчасынын коопсуздугуна кепилдик бериши керек.

Чет элдик компаниялар менен түзүлгөн оор кырдаалды өзгөртүү үчүн президент эки багыт боюнча сөз бериши шарт. Биринчиси — Кыргызстанда инвесторлордун кызыкчылыгын коргогон укуктук башкаруу түзүлөт. Экинчиси — инвесторлор коргоого алынып, алардын мүлкүнө көз-арткандар болбойт.

— Бул шарттарды аткаруу механизми барбы?

— Механизмдерди түзүү керек. Кыргызстандын ар бир президенти инвестициянын коопсуздугун кепилдөө маселесин сөз жүзүндө айтканы менен ишке ашырбай келет. Мен Аскар Акаевдин билдирүүлөрүн укканмын. Андан кийин аны калган өлкө башчылары анча-мынча өзгөртүүлөр менен кайталап келишүүдө.

Кыргызстан инвестицияны коргоо боюнча кырдаал өзгөрөрүнөн күмөнүм бар. Ага бир гана президенттердин чечими себеп эмес. Маселени башка дагы себептери бар.

Биз ар кандай схема түзүшүбүз мүмкүн. Бирок, укуктар иш жүзүндө аткарылбай, аны мажбурлап аткартууга жеткенде кандай түзүм болсо да ал иштен чыгат.

Игорь Панкратенко

Жергиликтүү эл эрежени бузуп, инвесторду баскынчы катары кароодон алыс болуусу керек. Алардын «атам замандан бери бул жерде мал багып келгенбиз» деген түшүнүктөрү мыйзамга дал келбейт. Бийлик болсо инвесторду саан уй катары саап, саясый элитанын акча булагы катары кароодон алыс болгону туура.

Инвестор — бул өлкөнүн өнүгүү куралы. Ушул элдин мээсине киргенде көп маселелер чечилет.

— Сиз айтып жаткан тобокелдиктер ири ишканаларга эле тиешелүүбү, же баардык чет элдик инвесторлорду камтыйбы?

— Кыргызстанда жеке менчиктин жана инвестициянын маданияты түзүлгөн эмес. Эл бийликтин колундагы менчикти гана тааныйт. Адатта саясатчылар өз укугун митинг, акциялар менен коргон келишет. Чет элдик инвестордо мындай мүмкүнчүлүгү жок. Талаш учурларды укуктук талаада чечүүгө шарт түзүлбөгөн өлкөгө инвестор кызыкпайт.

Өлкөдөгү башамандык учурунда Африкада бизнес ачуу анекдот эмес, реалдуулук катары көрүнөт.

Игорь Панкратенко

Менин Кыргызстан боюнча билдирүүм эксперттик коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. Россия «Жерүй» долбоорундагы өзүнүн акчасын коргоонун жападан жалгыз жолун тандап алганын айтканым айрымдарга катуу тийиптир.

Анткен менен жыйынтыгында Москванын бул кадамы Бишкектин кызыкчылыга ойноп, өлкөгө инвестициянын келишине жол ачышы ыктымал.

Эгер маселе бар болсо, нараазы болуп олтурбай, аны чечүү керек. Мага андай көйгөй жок деп далилдеп жатышат. Анда эмнеге инвесторду текшерүү боюнча кезектеги депутаттык комиссия түзүлүүдө?

Игорь Панкратенко

Кыргызстандын инвестиция жаатындагы проблемаларын көрүү үчүн бизнесмендердин өз долбоорун сактоо үчүн аракеттерине байкоо салуу жетиштүү. Анын бири «Жерүй» кени жана Россиянын аракети. Ишкана президенттердин катышуусунда ишин баштады.

Мен «Кумтөр» жана башка кендерде иштеген инвесторлорго кеңешим: сүйлөшүү башка деңгээлге чыгарбасаңар жыйынтык чыкпайт.