23:11
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Электр жарыгына жаңы тариф 2021-жылдын август айынан баштап ишке кириши мүмкүн

Электр жарыгына жаңы тариф 2021-жылдын август айынан баштап ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйында энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, электр жарыгына жаңы тариф саясат боюнча долбоор коомдук талкууга коюлат. Өкмөт жарандардын сунуштары эсепке алынарын белгилейт.

«Долбоорду кабыл алууга бизде августка чейин убакыт бар», — деди Кубанычбек Турдубаев.

Белгилей кетсек, кечээ президент Садыр Жапаров электр жарыгына төлөмдөр өзгөртөрүн билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 74 тыйындан, тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондордун тургундары 1 сом 4 тыйындан, калган жарандар 1 сом 48 тыйындан төлөйт.

 
Эң көп окулган жаңылыктар