12:14
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Садыр Жапаров: Байлар менен кедейлер электр жарыгына ар кандай акы төлөшү керек

2022-жыл — Энергетика жылы деп жарыялнат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
 
Анын айтымында, учурда президенттик аппарат энергетика жылына карата иш чараларды даярдоодо.
 
Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө жана байларга электр жарыгына эки башка төлөм акы орнотууну жана 700 киловаттык чектөөнү алып салууну сунуштайт.
 
«Аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлөгө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салалы деген сунуш бар. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү карап чыгышса, бул тизме көбөйүшү мүмкүн. Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 4 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар», — дейт Садыр Жапаров.
 
Президенттин айтымында, калган жарандар 1 сом 48 тыйындан төлөйт.
 
«Бирок, суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 киловатт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электрэнергиянын өздүк наркы», — дейт Садыр Жапаров.
 
Анын айтымында, мындай чаралар менен Кыргызстан 2025-жылы энергетикалык кризистен чыгат.
 
Садыр Жапаров реформаларды жүргүзүүдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалы биринчи кезекте эске алынарын белгилейт.
Эң көп окулган жаңылыктар