10:03
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мирзиёев расмий сапар менен Тажикстанга барары күтүлүүдө

«Азия-плюс» маалымат агенттигинин тажик өкмөтүндөгү өз булактары билдиргендей, өзбек лидери Шавкат Мирзиёев 10-12-июнь аралыгында президент Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстанга барат.

Муну менен Мирзиёев президент болгондон бери Тажикстанга төртүнчү жолу барууда.

Эки өлкө лидерлери кызматташуунун бардык багыттарынын келечегин талкуулашары күтүлүүдө. Мындан тышкары Душанбе менен Ташкент транспорт, энергетика, айыл чарба, илим жана маданият тармагында жаңы келишимдерге кол коюшары пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар