08:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Токтогул ГЭСин кайтарган жоокер кокусунан ефрейторго ок атып алды

Токтогул ГЭСин кайтарган жоокер кокусунан ефрейторго ок атты. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-апрель күнү ИИМдин Ички аскерлеринин Кара-Көл шаарында жайгашкан 718 аскер бөлүгүнүн Токтогул ГЭСин кайтаруу боюнча кароолунун курамында турган катардагы жоокер Б.К. куралын оксуздандыруу учурунда кокусунан атып жиберген.

Натыйжада кароолдун башчысынын жардамчысы, ефрейтор Н.И. оң колунун булчуңунан жаракат алган. Учурда анын абалы туруктуу, ден соолугуна олуттуу коркунуч келтирилген эмес жана Кара-Көл шаардык аймактык бейтапканасында дарыланууда.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан зарыл болгон сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар