Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 21 жаштагы тургуну Закир кызы Айхан изделүүдө. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Закир кызы Айхан 2021-жылдын 12-апрель күнү болжол менен саат 11.00 чамасында Баткен районунун Бужум айылында күйөөсү менен чогуу жашаган үйүнөн чыгып кетип кайрылып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 150-155см, ак жүздүү, кашы-көзү кара.
Кийген кийимдери: үстүнө күрөң түстөгү көйнөк, астында күрөң түстөгү көйнөктүн шымы, башында ак түстөгү жоолук.
Сүрөттөгү аялды таанып билгендер болсо төмөнкү телефондорго чалсаңыздар болот.
102; 03622 5-17-56; 0709 736 637; 0774 778 688