23:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жеке лабораториялар ПЧР-тест, КТ жана санарип R-графиянын акысын азайтат

COVID-19 үчүнчү толкуну учурунда жеке лабораторияларда жана медборборлордо ПЧР-тестирлөөнүн, КТ жана санариптик R-графия тейлөөсүнүн наркы төмөндөтүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  жеке лабораториялардагы ПЧР-тестирлөөнүн баасын 30%га, же 2300 сомдон 1600 сомго чейин төмөндөтүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

Айрым медиаборборлордо калк үчүн компьютердик томографиянын, санариптик R-графия тейлөөсүнүн наркы 20%га чейин төмөндөтүлөт, ошондой эле калкка аталган тейлөөнү көрсөтүү үчүн жеке борборлордогу күнү-түнү күзөт аныкталган.

Жакынкы айларга карай COVID-19 дарылоо үчүн дары-дармек каражаттарына баалар турукташтырылат. Башка жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерге бааны төмөндөтүү жана тоңдуруу боюнча иштер жүрүүдө.

«Бардык зоналар кант диабети, жүрөк кан-тамыр ооруларына, бөйрөк оорусуна кабылган өнөкөт оорулуу бейтаптар үчүн дары-дармектердин запасы менн камсыздалышы керек», — деп вице-премьер-министр Артем Новиков тапшырма берди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума