18:59
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Медицина кызматкерлери айлык акысы боюнча түшүндүрмө

Медициналык кызматкерлердин айлык акысы 2021 жылдын 1-июлунан баштап 50 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.

Учурда врачтардын орточо айлык маянасы 8 миң 598 сомду түзөт. 1-июндан тарта алардын орточо айлыгы 12 миң 897 сом болот.

Орто даражадагы кызматкерлердин орточо айлык маянасы 7 миң 826 сомду түзсө, 50 пайыз көтөрүлгөндөн кийин 11 миң 739 сомго жетет.

Кичи даражадагы кызматкерлердин орточо айлыгы 6 миң 659 сомду болсо 9 миң 989 сомго жетет.

Саламаттыкты сактоо мекемелеринде администравтивдик башкарууда тармагында орточо айлык 1-июндан тарта 14 миң 451 сомду түзөт.

ММК фондунун бюджетине айлык маяналардын көтөрүлүшү менен 2021-жылга кошумча 1 миллиард 612 миллион сом керек.

Белгилей кетсек, 1-апрелден тарта үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун (ЦСМ) кызматкерлеринин эмгек акылары 100 пайызга көтөрүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар