06:44
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Ханституция». Тилекмат Куренов 15-апрелге чейин абакта олтурат

Конституциянцы өзгөртүүгө каршы чыккан активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов)15-апрелге чейин № 1 тергөө абагында олтурат. Бул тууралуу 24.kg Жеңиш Молдокматов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык соту Тилекмат Кудайберген уулунун жактоочусунун арызын карады.

«Тилекматты сотко алып келишкен жок. Аны бошотпой жатканы дагы түшүнүктүү. Себеби, референдумду тынч өткөрүп алуу керек», — дейт Жеңиш Молдокматов.

Бишкек шаардык сотунун алдында Тилекмат Кудайберген уулунун жакындары митинг өткөрдү. Анын уулу дагы атасын бошотуу талабы менен чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума