14:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз-өзбек чек арасы: Сохто эки бекет ачылды

Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох — Риштан жолундагы «Кайтпас» жана «Өтүкчү» чек ара бекеттери ачылды.

1-апрелде өткөн бекеттердин расмий ачылышына кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров, эки өлкөнүн күч органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Маалыматка караганда, мындан ары аталган бекеттерден жүргүнчү ташыган автоунаа жана жөө жүргүнчүлөр күндүз өтө алышат. Азырынча оор жүк ташуучу автомашиналарга уруксат берилген жок.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби