USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Өзбекстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды

17:56, 01 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 1-апрелден тартып өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы жапырт эмдөө башталат.

Эмдөөдө өзбек-кытай биргелешкен ZF-UZ-VAC2001 жана британиялык AstraZeneca препараттары колдонулат.

Апрелде Ташкент, Нукус шаарларында жана облус борборлорунда 142,3 миң кишини эмдөө пландалууда.

Министрлик эң биринчи 65 жаштан жогорку кишилер, медицина кызматкерлери жана өнөкөт оорусу барлар эмдөөдөн өтөөрүн маалымдады.

Мындан тышкары мектеп, бала бакча кызматкерлерин, куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн эмдөө каралууда.

Бул үчүн өлкөдө 3138 эмдөө пункту жана 862 медициналык бригада даярдалды.

Эмдөө жараянына 4000 дарыгер жана 11 000ден ашуун медайым тартылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18