18:11
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Өзбекстанда Сох окуясы боюнча тогуз адамды он жылга кесүү сунушталды

Өзбек прокуратурасы былтыр майдагы Сох окуясы үчүн айыпталган тогуз адамды 10 жыл эки айга эркинен ажыратууну сурады. Ал эми окуя боюнча айыпталган дагы 13 адамды алты жылга шарттуу түрдө соттоо сунушталды. 18-мартта Фергана облустук соту өкүм чыгарары күтүлүүдө.

Былтыр 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Чырдашкандарды тынчытуу үчүн Сохко барган Фергана облусунун ошол маалдагы акими Шухрат Ганиев жергиликтүүлөр менен жолугушуп жатканда пикир келишпестик жаралган. Аткаминердин орой мамилесине нааразы болгон анклавдагы айрым тургундар бийлик өкүлүн ташбараңга алууга аракет кылган.

Бул окуядан үч ай өткөн соң кылмыш иши козголуп, ондогон адамдар камакка алынган эле. Кыргызстандын аймагында анклав болуп жайгашкан Сох районунда 80 миңдей киши жашайт.

Эң көп окулган жаңылыктар