04:38
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Инвесторду колдоонун кыргызча ыкмасы: мамлекеттик комиссия түзүп текшерүү

Кыргызстандын тарыхында 2020-жыл оор жылдардын катарына кирди. 12 ай ичинде улуттук экономика урап, медицина, социалдык жашоо кыйроого учурады. Аны менен катар элдин гана эмес, чет элдик инвесторлордун дагы бийликке ишеними кетти.

Түйшөлткөн сандар

Тыштан келген инвестициянын көөлөмү 2019-жылга салыштырмадуу 31 пайызга кыскарды. Мында тоо-кен тармагына инвестиция 3,5 эсеге түшкөн. Дүйнөдө металлга баа өсүп жаткан кезде кен тармагында төмөндөөлөр көңүлдү түшүрөт.

Кен байлыктарга казып чыгууга инвестиция 9,5 пайызга, аны кайра иштетүүгө 3,7 пайызга кыскарган.

Тилекке каршы 2021-жылдын статистикасы дагы анчейин көңүл жылытпайт. Январь айында экономикалык басаңдоо 7,6 пайызды көрсөттү.

Депутаттардын экономиканы сактоо аракети

Экономикалык кыйроого кыргыз саясатчылары кантип жооп берди деп ойлосуңар? 2021-жылдын 17-февралында «Кумтөр» компаниясынын ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Эмнеге? Депутат Максат Сабиров жана Акылбек Жапаровдун айтымында, комиссия ишкананы дыкат текшерип чыгышы керек.

Кесиптештеринин максатын Умбеталы Кадыралиев кененирек түшүндүрдү. Анын билдирүүсүндө, компаниянын кенди сарамжалдуу иштетип, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында жүргүзгөн иштерин карап чыгат.

Бул билдирүүлөрдөн кийин Кыргызстанга 100 миллиондогон долларды салып, көп жылдык долбоорлорду ишке ашырууга камынып жаткан инвесторлор ойлонуп калды. Анткени, кыргыз өкмөтүнүн Centerra Gold Inc ишканасы менен келишими бар жана эки тарап тең милдеттерин так аткарууга жооптуу.

Анүстүнө 2021-жылдын февраль айында «Центерра Голд» жаңы техникалык отчет чыгарды. Ага ылайык кендин иши 2031-жылга чейин узартылат. Бул убакытта кен ар кандай төлөмдөр болуп жалпысынан 1 миллиард доллар төгүп, «Кумтөргө» 2 миллиард доллар капиталдык салым салышы күтүлөт.

Centerra Gold Inc Кыргызстанда иштеп баштаган 1994-жылдан 2002-жылга чейин канадалык компания 4 миллиард 486 миллион доллар төлөдү.

Эгер сомдун азыркы наркы менен эсептей турган болсок «Кумтөр» ачылгандан бери мамлекеттик бюджетке 379 миллиард 964 миллион сом салык жана милдеттүү төлөмдөр төлөндү.

Компанияда иштөөнү эңсеген жарандардын саны арбын. Анткени, 4 миңден ашык кыргыз жараны өз убагында жогору нарктагы айлыкты алып турушат.

«Эколог» депутаттардын ойлору

Кантсе дагы канадалык ишкананы сынга ала турган адамдар табылат. Коомдо айтылган сын-пикирлер көбүнчө экологиялык коопсуздукка байланыштуу. Анткен менен экологдордун айтымында, аркарлардын жана башка бийик тоого жашаган жаныбарлардын Кыргызстандын башка аймактарына салыштырмалуу кен чыккан жерде саны арбын.

Кенде жыл сайын дарыядагы суунун, топурактын курамы текшерилип турат.

Ага эл аралык Stewart Assay and Environmental Laboratories LLC лабораториясы тартылган. Мындай абройлуу лаборатория менен иштөө компания үчүн дагы чоң жоопкерчилик. Эгер «Кумтөр» экологиялык катастрофага жол берсе, башка өлкөлөрдө жаңы кендерге жолу жабылат.

Кыргызстандын өкмөтүнүн жана «Кыргызалтын» компаниясынын чакыруусу менен эл аралык АМЕК уюму 2013-2017-жылдан бери «Кумтөр» кениндеги геотехникалык жана экологиялык иштерге баасып берип келет. АМЕКтин адистери 20 кеңеш берсе, анын 19у ишке ашырылып, бирөөсү даярдалууда.

Көз-карандысыз эксперттер «Кумтөр» эл аралык талаптардын алкагында иш алып барарын белгилешүүдө.

Президент, өкмөт инвесторлорду коргоо жана өлкө финансы тартуу боюнча нечен кайталап айтканы менен иш жүзүндө ага карама-каршы келген комиссиялар түзүлүүдө.

Мындай комиссиялардын максаты жаңы эмес, мурдакы эле айтылган сөздөр жана жыйынтыктар. Андыктан алардын түпкүрдөгү ою ар бир кыргызстандык үчүн маалым.

Эң көп окулган жаңылыктар