12:22
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өзбекстанда латын арибиндеги жаңы алфавиттин долбоору талкууга коюлду

Өзбекстанда латын арибинин негизинде түзүлгөн өзбек алфавитинин жаңы версиясынын долбоору талкууланууда.

Өзбекстандын Илимдер академиясы иштеп чыгып, 16-мартта жарыяланган мыйзам долбооруна ылайык, жаңы алфавит 28 тамгадан, 1 тамгалар айкалышынан (ng) жана 1 апострофтон (ажыратуу белгисин көрсөтөт) турат.

Долбоордо Ғ ғ тамгасын Ḡ ḡ, Ў ў тамгасын Ō ō, Ш ш тамгасын Ş ş жана Ч ч тамгасын Ç ç формасында жазуу сунушталган. Бул түрк тилдүү башка өлкөлөр колдонгон латын алфавиттерине болушунча жакын экенин белгиленүүдө.

Долбоорду талкуулоо быйыл 31-мартка чейин уланат.

Өткөн айда Өзбекстандын өкмөтү 2023-жылдын 1-январына чейин толугу менен латын арибине өтүү тууралуу чечим кабыл алганы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар