15:25
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

УКМК башчысы чек араны тактоодо жергиликтүү элди чагымга алдырбоого чакырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бийлик азыркы тапта коңшу Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара маселесин тактоо боюнча жигердүү иш алып барып жатканын билдирип, жергиликтүү элди чагымга алдырбастан жардам берүүгө чакырды.

УКМК башчысы жер алмашууда эки мамлекеттин кызыкчылыгы тең эске алынаарын белгиледи.

«Силер ойлобогула, чек араны чечсе эле жер берет, туура эмес, алмаштырып коет экен деп. Андай болбойт. Ошол чек араны чечүү комиссиясынын башында мен турам. Кантип эле мен бир метр жерди берип коем, кантип эле Садыр Жапаров элге каршы келген чечим кылсын?! Андай болбойт! Бардык маселе Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын кызыкчылыгын тууралап туруп чечилет. Самаркандектин бир гектар жери ушул айылдын эле жери эмес. Ал жер — мамлекеттин жери. Мамлекет кээ бир жерлерди берип, кээ бир жерлерден алып, чек арасын такташы мүмкүн. Бардык эле жерди алып тактайбыз дей албайм. Берип, алмашышыбыз мүмкүн. Ошондо дагы элдин кызыкчылыгын сактайбыз», — деди Ташиев.

Ташиев чек ара аймактарындагы айрым айылдардагы турак-үй жылдырышы мүмкүн экенин айтып, анын ордуна сөзсүз башка жер берилерин кошумчалады. Ташиев чек араны тактоодо жергиликтүү эл чагымга алдырбай, мамлекеттин чечимдерине жардам бериши керек деп билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби