07:25
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Баткенде аскердик машыгууга даярдык жүрүүдө

Баткенде аскердик машыгууга даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу Башкы штабдын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Машыгууга Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткен облусунун райондорунун мамлекеттик администрациялары, Баткен шаарынын мэриясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык кошуундары, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Саламаттык сактоо министрлиги катышат.

Машыгууга 2 миңге жакын адамдар тартылып, жүзгө жакын автомобиль, брондолгон жана атайын техникалар, жыйырмадай артиллериялык системалар, он авиациялык техника тартылат.

Бул арада Тажикстандын Коргоо министрлиги Баткенде өтө турган машыгуу жөнүндө расмий түрдө билдирүү алганын кабарлады. Министрликтин басма сөз катчысы Фаридун Махмадалиев Кыргызстан дипломатиялык каналдары аркылуу бул тууралуу Согди облусу менен Исфара шаарынын жетекчилигине да маалымат жөнөтүп койсо туура болот деп эсептейт.

Учурда Куралдуу күчтөрдүн машыгуусуна башка аймактардан тартылган аскердик техникалар Баткендеги машыгуу талаасына жайгашып жатат. Жыл сайын өтүүчү аскердик машыгуу былтыр пандемияга байланыштуу өтпөй калган.

Эң көп окулган жаңылыктар