20:03
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстан үч ай ичинде чек ара маселесин бүтүрмөкчү

Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара линиясын укуктук жактан аныктоону тез арада аягына чыгармакчы. Бул тууралуу Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев билдирди.

Президенттер 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган «Кыргыз-Өзбек Мамлекеттик чек арасы жөнүндө» келишиминин тарыхый маанисин тастыктап, эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларына чек аранын калган тилкелерин делимитациялоону аяктоо үчүн сүйлөшүү процессин жандантууну тапшырышты.

«Биздин кызматташтыктын тарыхында биринчи жолу так сүйлөшүү болду. Ким, качан жана эмне жумуш аткарарын белгиледик. Үч деп мөөнөт да койдук. Бирок, бизден эл күткөн маселелер боюнча тез арада жооп беребиз. Чек араны тактап, анда өткөрүү пунктары толук иштеши керек», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар